Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:43

Германия АКШны Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди колдоого үндөдү


Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл.
Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл.

Германиянын тышкы иштер министри Кошмо Штаттарды Ирандын дүйнөлүк державалар менен жетишкен өзөктүк макулдашуусун бузбай сактап калууга үндөдү. Ал Вашингтонго Тегерандын баллистикалык курал программасын жана анын Сирия согушундагы ролун өзүнчө бөлүп кароону сунуш кылды.

Зигмар Габриэл бул сөзүн 11-январда Ирандын, Британиянын, Франциянын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерининин Брюсселдеги жолугушуусунун алдында айтты.

Немис министри Вашингтон Ирандын Жакынкы Чыгыштагы ролуна кайрылууга укугу бар экенин, бирок ал 2015-жылы Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишден өзүнчө каралышы керек экенин белгиледи.

Европа өлкөлөрү 11-январдагы жолугушууда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтен Тегеран эл аралык макулдашуунун шарттарын сактап жатканын бышыкташын күтүшөт.

Брюсселдеги жыйындын дагы бир максаты - “Вашингтонго Ирандын өзөктүк программасы боюнча чечим кабыл аларда Тегеранды бөлүп салуудан көрө аны менен кызматташуу оң болорун билдирүү” экени кабарлады.

12-январда АКШнын президенти Доналд Трамп Ирандын эл аралык келишимди аткарып жатканын расмий бышыктаган же ага макул эмес экенин билдирген чечимин жарыялайт.

XS
SM
MD
LG