Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:45

Тажикстан менен Өзбекстан виза тартибин жөнөкөйлөштүрөт


Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Турсунзаде шаары.

Медиа каражаттары кабарлагандай, Дүйшөмбү менен Ташкент виза тартиби жана тажик-өзбек чек арасынын талаштуу аймагындагы Фархад ГЭСи боюнча макулдашууга жетишти.

Тажиктердин “Азия-Плюс” жаңылыктар агенттиги өкмөттөгү өз булактарына таянып, жакын арада эки тарап эки өлкөнүн жарандары бир айга чейин визасыз жүрүүгө уруксат берген документке кол коюшат.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов менен Дүшөмбүдө жолугушканда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде чек арадагы мина коюлган аймактарды тазалоо маселесин талкуулашкан.

1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары Тажикстан тараптан Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна кирүүгө аракет кылганда эки өлкөнүн чек арасындагы тоолуу райондорго мина коюлган.

Тажикстандын минадан тазалоо боюнча улуттук борборунун маалыматына караганда, 1999-2011-жылдар аралыгында катылган минага жарылып 76 киши каза тапса, 160тан ашуун адам жарадар болгон.

Өзбек-тажик чек арасы 1333 чакырым. Анын 20% талаштуу аймак болуп саналат.

XS
SM
MD
LG