Бүгүн, 11-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Абдыгулов туруктуу макроэкономикалык абалды, улуттук валютанын туруктуу курсун сактоо, банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд 182 млн долларды түзөт.
Мамлекет башчы банк инфраструктурасын өнүктүрүүнү, банкоматтарды жана аймактарда ПОС-терминалдарды көбөйтүүнү, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттырууну банк системасындагы артыкчылыктуу багыттар катары белгиледи.
Ошондой эле үстөк пайыздарды азайтуу, экономикада доллардын колдонулушун чектөө, калкты узак мөөнөттүү насыялар менен камсыз кылуу маселелери да талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (КЕ)