Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Жол коопсуздугун камсыздагандарга дагы 169 кызматкер кошулду


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин жаңы формасы.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин жаңы формасы.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгы (ЖККББ) 169 штаттык бирдик киргизип, жаңы кызматкерлерди алды. Бул тууралуу ушул түзүмдүн басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кошумча кызматкерлер штат жетишпей жаткан облустар менен райондорго берилди. Ал ошондой эле кызматкерлер өлкөдө жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан жолдорго да көзөмөл кылаарын белгиледи. Бирок Токтосунов башкармалыкта жалпысынан канча кызматкер бар экени айтылбай турганын да кошумчалады.

ЖККББнын маалыматына ылайык, бардык кызматкерлер жаңы форма менен камсыздалган. Мындан тышкары, башкы башкармалыктын расмий веб-сайты иштеп жатат, "WhatsApp" мобилдик тиркемеси аркылуу жарандар менен өз ара байланыш түзүлгөн. Орган социалдык тармактарда жарыяланган жол эрежесин бузуу фактылары тууралуу маалыматтарга жооп кайтаруу боюнча да жандуу иш баштаганын жарыялады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын иши кечээ өкмөт башчы катышкан жыйында да талкууланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG