Түштүк Европанын жети өлкөсүнүн жетекчилери Римдеги саммитте кабыл алган декларацияда экономикалык жана социалдык өнүгүүнү, мыйзамсыз миграция менен күрөштү жана коопсуздукту бекемдөөнү Европанын артыкчылыктуу багыттары катары белгилешти.
Жер ортолук деңиз аймагынын лидерлери Франциянын президенти Эммануэл Макрондун бирдиктүү миграциялык саясат жүргүзүү боюнча сунушун колдошту. Макрон качкындарга башпаанек берүү, чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу эрежелери бардык мамлекеттер үчүн бирдей болууга тийиш экенин айтты.
Деңиз аркылуу Европага агылган мыйзамсыз мигранттар менен качкындар адегенде Италия жана Грециянын аралдарына жетүүгө аракеттенишет.
Бул форматтагы кийинки саммит Кипрде өткөрүлмөй болду.