Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 11:04

Милиция Караколдогу мушташ тууралуу маалымат таратты


Сүрөт Интернетте тараган тасмадан алынды.

Видеосу Интернетте тараган мушташ Каракол шаарында жергиликтүү жашоочулардын ортосунда болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

5-январда бир нече кишинин мушташы тартылган видео Интернетке жарыяланган болчу. Окуя Каракол шаарындагы Карасаев жана Фучик көчөлөрүндө жайгашкан "Доя" лыжа сатуу жайынынын жанында болгону маалымдалган.

Милициянын маалыматына караганда, мушташка ошол жайда иштегендер менен лыжа каражаттарын ижарага алгандар катышкан.

Милициянын маалыматы боюнча, лыжа жабдыктарын ижарага алгандар таякты сындырып коюп, анын акысын төлөөдөн баш тартканы пикир келишпестикке себеп болгон. Тараптардын айтышы мушташка чейин жеткен. Ушу тапта мушташкандар элдешип, келтирилген зыян төлөнүп берилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG