Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Чеченстанда укук коргоочу Титиев эки айга камалды


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

Шали шаардык соту “Мемориал” укук коргоо уюмунун Грозныйдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оюб Титиевди эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаттары билдиришти.

Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини укук коргоочунун камалышы боюнча 11-январда билдирүү таратты.

Анда “Орусия Федерациясында эмгектенген эркин журналисттерди жана укук коргоочуларды камакка алуу жана аларга кол салуу, коркутуу уланып жатканы тынчсыздандырат” деп айтылат.

“2009-жылы Наталья Эстемирова киши колдуу болгондон кийин эч ким жазага тартылбаган соң" Титиевдин камалышына “кабатырланып турабыз”, деп белгиленет Могерининин билдирүүсүндө.

“Мемориал” уюмунун жетекчиси Александр Черкасовдун айтымында, Титиев ага тагылган “чоң көлөмдөгү” баңгизат сактаган деген кине боюнча 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бейшембиде полиция Курчалой айылындагы Оюб Титиевдин туугандарын үйүнөн кууп чыкканы маалым болду. Полиция кызматкерлери Титиевдин уулу Бекхан менен иниси Якубду издеп жүрүшкөнүн, эгер алар өз эрки менен полицияга барбаса туугандарынын башына мүшкүл түшөөрүн эскертишкен. Анан үйдөгү аялдарды кууп чыгып, эшикке кулпу салып, ачкычын алып кетип калышкан.

Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Титиевдин камалышына байланыштуу тынчсыздануу билдирип, орус бийлигин аны тезинен бошотууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG