Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 20:47

Кытай: ирандык танкердеги өрттү өчүрүү убактылуу токтотулду


Өрт каптаган ирандык мунай ташыган танкер, 9.01.2018

Чыгыш Кытай деңизиндеги куткаруучулар ирандык мунай ташыган танкердеги өрттү өчүрүү аракеттерин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Кытайдын транспорт министрлиги шаршембиде танкерде жарылуу болгонун кабарлады.

Куткаруу иштерине тартылган тараптардын расмий өкүлдөрү 32 кишиден турган экипаждын аман калган мүчөлөрүн табуу үмүтү дагы эле бардыгын айтышат.

6-январда ирандык танкер жээктен 300 чакырым алыс жерде, деңизде Гонконгдо катталган жүк ташыган кеме менен кагылышкан. Буга чейин бир кишинин сөөгү табылганы маалымдалды.

Панамада катталган, узундугу 274 метр болгон SANCHI аттуу май ташыган танкер ирандык компаниянын жүгүн салып, Түштүк Кореяга бет алган. Кемеде өндүрүшкө керектелчү 136 миң тонна май жүктөлгөн болчу.

Гонконгдо катталган 225 метрлик экинчи кеме 64 миң тонна буудай тартып бараткан. Кагылышканда анын бир бөлүгү талкаланган. Кошмо Штаттардан жүк жүктөп чыккан кеме Кытайдын Гуандун провинциясына бараткан.

XS
SM
MD
LG