Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Кытайда кырсыктаган кемедеги 32 киши дайынсыз


Кытайлык өрт өчүрүүчүлөрдүн кемеси кырсык болгон жерде, 7-январь, 2017-жыл.
Кытайлык өрт өчүрүүчүлөрдүн кемеси кырсык болгон жерде, 7-январь, 2017-жыл.

Чыгыш Кытай деңизинде Ирандын мунай ташыган кемеси кырсыкка кабылып, 32 киши дайынсыз. Ишембиде ирандык танкер деңизден 300 чакырым алыс жерде Гонконгдо катталган жүк ташыган кеме менен кагылышкан. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Панамада катталган май ташыган танкер менен Гонконгдо катталган жүк ташуучу кеме ишембинин кечинде Янцзы дарыясынын куймасында, Шанхай шаарынан 300 чакырымдай чыгышта кагылышкан.

Отуз ирандык жана эки бангладештик, жалпысынан 32 кишини издөө иштери жүрүп жатат. Алар бараткан мунай ташыган кеме кырсыкка кабылгандан кийин өрттөнө баштаган. Куткаруучулар кемени каптаган жалынды өчүрүүгө аракет кылышууда. Андан чыккан кара түтүн басыла элек экенин Кытайдын телеканалдары дүйшөмбүдө көрсөтүштү.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лю Канг кырсык эмнеден болгонун иликтөө башталганын дүйшөмбүнүн кечинде билдирди.

Лю Канг.
Лю Канг.

- Кытайдын куткаруучулары кырсык болгон жерде бир кишинин сөөгүн табышты, учурда анын тек-жайын аныктоо жүрүп жатат. Силер билгендей, Кытай өкмөтү деңиздеги кырсыктарга олуттуу көңүл бурат жана издөөчүлөр менен куткаруучулардын бир нече топтору иштеп жатышат. Аба ырайынын катаал шарты куткаруучуларга кыйынчылык жаратууда, ага карабай Кытай болгон аракетин көрүп жатат, - деди ТИМдин өкүлү.

Ирандын Кытайдагы башкы консулу Ахреза Эйрваш өрттөнүп жаткан кемеден адамдарды алып чыгууга мүмкүн болбой жатканына токтолду.

Кеменин тегерегине жайылган майдын кесепетинен улам өрттү өчүрүү кыйын болуп жатат.

- Кырсыктан кийин Ирандын кемеси өрттөнө баштаган. Жарылуудан соң түтүн каптап, кеменин тегерегине жайылган майдын кесепетинен улам өрттү өчүрүү кыйын болуп жатат. Ага карабай куткаруучулар жеринде оңтойлуу жагдайды күтүп турушат. Алар кемеге 150 метрдей жерде турушат. Кеменин айланасында 1000 метрдей айлананы май каптаганы ишти татаалдаштырууда, - деди ирандык дипломат.

Ал эми кырсыкка кабылган экинчи кемедеги 21 киши – кытайлык жарандар толугу менен куткарылганын Кытайдын жетекчилиги ырастады.

Кытайдын деңиз каттамдарын караган мекемеси куткаруучулардын сегиз кемеси иштеп жатканын билдирди. Бээжин менен макулдашкан соң Түштүк Корея жээктеги коопсуздукту көзөмөлдөгөн кемеси менен атайын жабдылган учагын жиберди.

Күйүп жаткан танкердин көрүнүшү. 7-январь, 2018-жыл.
Күйүп жаткан танкердин көрүнүшү. 7-январь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын аскер-деңиз күчтөрү дагы издөө иштерине кошулду. Жапониянын Окинава шаарында турган америкалык базанын атайын учагы кырсык болгон жерге жетти.

Ирандын Мунай боюнча министрлиги кырсыкка кабылган кеме ичиндеги жүгү менен камсыздандырылганын бышыктады.

Панамада катталган, узундугу 274 метр болгон SANCHI аттуу май ташыган танкер ирандык компаниянын жүгүн салып, Түштүк Кореяга бет алган. Кемеде өндүрүшкө керектелчү 136 миң тонна май жүктөлгөн болчу.

Гонконгдо катталган 225 метрлик экинчи кеме 64 миң тонна буудай тартып бараткан. Кагылышканда анын бир бөлүгү талкаланган. Кошмо Штаттардан жүк жүктөп чыккан кеме Кытайдын Гуандун провинциясына бараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG