Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Путин: АКШ Навальныйга ишеним артуу менен жаңылды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын президенти Владимир Путин "АКШ оппозициячы Алексей Навальныйга ишеним артуу менен жаңылды" деп билдирди. Бул тууралуу ал 11-январда Орусиядагы эң чоң гезиттердин жана маалымат агенттиктеринин башкы редакторлору менен жолугушууда билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын Навальныйдын президенттик шайлоого талапкер катары катышуу арызын четке какканы тууралуу суроого жооп берип жатып Путин оппозициячыл саясатчыны өз ысымы менен айткан жок:

- Силер айткан жанагы каарман – шайлоодон четтетилген жалгыз адам эмес. Эмнегедир башкалардын аты аталбай, аларга көңүл бурулбай жатат, - деген орус президенти БШКнын чечиминин Вашингтон тараптан сынга алынышы "АКШ бийлигинин башка өлкөлөрдүн жетекчилигине өз кишилерин коюу ниетинен кабар бериши мүмкүн" деди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда “Кировлес” иши боюнча соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу Навальныйдын арызын четке каккан. Саясатчы мунун саясий жүйөсү бар экенин айтып жатат. Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген.

XS
SM
MD
LG