Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Мавлян Аскарбековдун сотунда судьяга ишенбестик көрсөтүлдү


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун 11-январдагы сотунда Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайлардан, Юстиция министрлигинен тартылган эксперттер суралды.

Аскарбеков "соттук териштирүү калыс болбой жатат" деп “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эки эксперттин "бийликти күч менен басып алууга чакырык байкалбайт" деген билдирүүсүнө ишти караган судья көңүл бурган жок. Буга адвокат нааразылык билдирип, судьяга ишенбестик көрсөттү. Сот бул өтүнүчтү четке кагып, кайра адвокаттын өзүнө чара көрүү боюнча Юстиция министрлигине арыз менен кайрыла турган болду.

Сотто айыпталуучу тарап судьяга ишеним көрсөтпөө ​тууралуу буга чейинки жараяндарда да өтүнүч берип, ал канааттандырылган эмес.

Мавлян Аскарбековго Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген. Активист болсо өзүнө коюлган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет. Кийинки териштирүү 18-январда болот. (NT)

XS
SM
MD
LG