Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 09:11

Казакстандын Егиндыбулак-Караганда багыты боюнча бараткан автобус 11-январда оодарылып кетти. "Азаттык" радиосунун казак кызматы билдиргендей, автобуста 45 жүргүнчү болгон. Кырсыктан үч киши жабыркап, жакынкы айылдагы ооруканага жеткирилди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, "Setra" үлгүсүндөгү автобус Караганда-Аягоз-Бугаз жолунун 103-чакырымында кырсыкка кабылган. Окуянын себептери кабарланган жок.

Бейшембиде аба ырайынын начарлашына байланыштуу өлкөнүн алты аймагында, анын ичинде Караганда облусундагы трассаларда жол кыймылына чектөөлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG