Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:01

Сапар Исаковдун Таластагы жолугушуусу кечигүүдө


Сапар Исаков менен жолугушууга келген таластыктар.

Бүгүн, 12-январда премьер-министр Сапар Исаков Талас облусуна жумушчу сапары менен барат. Өкмөт башчы Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын ачылышына катышат.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, саат 11:30га белгиленген жолугушуу дагы эле баштала элек. Шекер айылындагы Күркүрөө маданият үйүндө Кара-Буура районунун бардык аймагынан келген 300дөн ашуун тургундары эки сааттан бери суук залда өкмөт башчыны күтүп жатышат.

Өкмөттүн маалымат кызматынан премьер-министр аба ырайына байланыштуу жолдо кармалып калганын билдирди.

Мындан тышкары, премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы. (КЕ/AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG