Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Өзбекстан 2019-жылы ID-картага өтөт


Өзбекстандын паспорттору.
Өзбекстандын паспорттору.

Өзбекстанда 2019-жылдан тартып жалпы жарандык паспорттордун ордуна идентификациялык карталар (ID-карта) киргизилет.

Ушу тапта мамлекет тарабынан иштелип жаткан «Жигердүү ишкерлик, инновациялык идеялар жана технологиялар жылы» программасында өлкөнүн ичинде колдонуш үчүн ID-карталарды киргизүү жана учурдагы биометрикалык паспортторду чет өлкөлүк катары таануу каралган.

Буга чейин Өзбекстан 2019-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлөргө чыгыш үчүн жаңы паспортторду киргизип, азыркы биометрикалык паспортторду өлкө ичинде гана колдонуу үчүн калтырмакчы болгон.

Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топ бардык пикирлерди угуп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен ID-карталарды киргизүүнү чечкен.

XS
SM
MD
LG