Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Исаков: “Чыңгыз ордо” комплексин курууга 15 гектар жер бөлүнөт


Чынгыз Айтматовдун Стамбул шаарындагы айкели 2017-жылдын 12-декабарында ачылган.
Чынгыз Айтматовдун Стамбул шаарындагы айкели 2017-жылдын 12-декабарында ачылган.

Таласта “Чыңгыз ордо” маданий комплексин куруу үчүн 15 гектар жер бөлүнүп берилет. Буга байланыштуу жер тилкесин трансформациялоо боюнча токтомго 10-январда кол койгонун бүгүн Кара-Буура районунун жашоочулары менен жолугушкан учурда премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, ушул жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели Москва шаарында да орнотулат.

Бүгүн, 12-январда премьер-министр Сапар Исаков Талас облусуна жумушчу сапары менен барды. Өкмөт башчы Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын ачылышына катышты.

Мындан тышкары, премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы.

Өткөн жылы декабрда Айтматовдун айкели Түркиянын Стамбул шаарында ачылган. (КЕ/AlS)

XS
SM
MD
LG