Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Германия: коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдө "чоң жылыш" жасалды


Канцлер Ангела Меркел жана Социал-демократиялык партиянын лидери Мартин Щульц.
Канцлер Ангела Меркел жана Социал-демократиялык партиянын лидери Мартин Щульц.

Германияда немис канцлери Ангела Меркел жетектеген саясий блок менен Социал-демократиялык партия коалиция түзүш үчүн башкы саясий маселелерде кепке келишти. Бул тууралуу немис маалымат каражаттары партия жетекчилеринин бир нече күнгө созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабарлашты.

Тараптар 28 барактан турган документ иштеп чыгышканы белгилүү болду. Бул документ жаңы өкмөттү түзүш үчүн толук масштабдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө негиз болуп берет. Немис медиасы бул макулдашууну "чоң жылыш" катары мүнөздөштү.

Бундестагга шайлоо былтыр сентябрда өткөрүлгөнү менен өкмөт түзүү аракеттеринен майнап чыкпай, өлкө саясий кризиске кептелген. Сүйлөшүүлөр дагы бир нече жумага уланышы мүмкүн. Маалыматтар боюнча, Меркел кызматын сактап калмакчы.

XS
SM
MD
LG