Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Меркелдин карьерасы сыноодо


Германиянын канцлери Ангела Меркел.
Германиянын канцлери Ангела Меркел.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 20-ноябрдагы өз билдирүүсүндө парламенттеги партияларды коалиция түзүп, өкмөттү түзүүгө чакырды. Бундестагдагы үч партиянын жетекчилери жаңы өкмөттүк коалиция түзүү тууралуу бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөрү жекшембиде үзгүлтүккө учураган.

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Дүйшөмбүдө Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер парламенттеги партияларды өкмөт түзүү боюнча коалицияга биригүүгө чакырды. Ага чейин президент өлкө канцлери Ангела Меркел менен жолуккан эле. Штайнмайер парламенттеги кырдаалды "кризис" деп атап, саясатчыларды жоопкерчиликке үндөдү:

- Биз Германияда жетимиш жылдан бери боло элек кризиске туш келдик. Саясий партиялардын алдында чоң жоопкерчилик турат. Азыр бардык тараптар бир саамга токтоп, өз позициясы тууралуу ойлонушу керек. Германия парламентине өткөн бардык партиялар коомдун кызыкчылыгын эске алып, сүйлөшүүгө даяр болуп, жакын арада өкмөт түзүүгө аракет кылышы зарыл.

Өлкө башчысы парламенттеги бардык партия лидерлери менен диалогго даяр экенин билдирди.

Ал Бундестагдагы оппозициячыл партиялар менен да сүйлөшүү болушу мүмкүн экендигин четке каккан жок.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер.

Байкоочулар "президенттин бул сөздөрү Германиянын Социал-демократиялык партиясына багытталды" деп белгилешүүдө.

Буга чейин парламентте коалиция түзүү боюнча төрт партия сүйлөшүү өткөргөн. Алар Христиан-демократтар союзу, Христиан-социалдар союзу, "Союз-90" аттуу жашылдар кыймылы жана либералдардан турган Эркин демократиялык партия болчу. Партия тууларынын түстөрүнөн улам бул альянсты шарттуу түрдө "Ямайка" деп атап коюшкан. Бирок бул коалицияны түзүү боюнча бир пикир табылбай, жекшембиде сүйлөшүү үзгүлтүккө учурады.

Бул төрт партиядан тышкары сентябрь айындагы шайлоодо ашынган оңчулдардан турган, исламга, миграцияга, Евробиримдикке каршы кескин чакырыктары менен белгилүү "Германия үчүн альтернатива" партиясы, Социал-демократиялык партия жана Солчулдар парламентке келген.

Буга чейин парламенттик коалицияга кошулган Социал-демократтар партиясы бул жолу оппозицияда каларын сентябрда эле жарыялаган.

20-ноябрда болсо президент Штайнмайердин чакырыгынан бир саат мурда СДПГнын төрагасы Мартин Шульц коалиция курууга катышпасын дагы бир ирет кайталады.

- Биздин пикирде бул нерсе өлкө жарандары үчүн, суверинитет үчүн маанилүү деп ойлойм. Добуш берүүчүлөр бул кырдаалды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз жаңы шайлоодон коркпойбуз. 24-сентябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, биз көпчүлүк коалицияга кошулууга даяр эмеспиз.

Социал-демократтардын лидери Мартин Шульц.
Социал-демократтардын лидери Мартин Шульц.

Партиялардын ортосундагы пикир келишпестик

Бавариянын Христиан-социалдык партиясы менен шайлоого чогуу аттанган канцлер Меркел жетектеген Христиан-демократтар партиясы эки ай мурдагы шайлоодо добуштардын 33 пайызын алган. Бул партия үчүн 1949-жылдан берки эң начар көрсөткүч.

Ал эми "Германия үчүн альтернатива" соңку 60 жылда Бундестагга кирген алгачкы ашкере оңчул партия болуп калды.

Көпчүлүк байкоочулар мындай жыйынтыктын себебин Меркелдин өлкөгө миллиондон ашуун качкындарды киргизүүгө уруксат бергенинен көрүшөт.

Миграция саясатындагы пикир келишпестиктер жаңы коалиция түзүүгө да тоскоол болду.

Ошондой эле партиялардын ортосундагы талаш-тартышка "Жашылдар" менен "Эркин демократтардын" экологиялык маселелер боюнча пикир келишпестиги да жем таштады. Коалиция куруу боюнча төрт аптадан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөр токтогонун 19-ноябрдын кечинде "Эркин демократтардын" лидери Кристиан Линднер билдирген:

- Бул сүйлөшүүлөргө катышып жаткан төрт тарап өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү көз караштары жок деген сөз. Ошондой эле арабызда ишеним да жоктой. Эгер биз азыр Германия үчүн, Европа үчүн, дүйнө үчүн жакынкы жылдары эмне кылышты билбесек, бул жакшы башталыш эмес деп ойлойм.

Эркин демократиялык партиянын Кристиан Линднер.
Эркин демократиялык партиянын Кристиан Линднер.

Германиядагы саясий кризис Евробиримдиктин лидерлерин да кыжаалат кылууда. Франциянын президенти Эммануэл Макрон шаркет бул кризистин тереңдешин каалабай тургандыгын айтты.

"Франц-пресс" агенттигин маалыматы боюнча, Берлиндеги кризис Евробиримдикте масштабдуу реформаларды ишке ашыруу планына кедергисин тийгизиши мүмкүн.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Берлиндеги окуялар падышачылыктын Евробиримдиктен чыгуу жараянына жолтоо болбойт деп үмүттөнөрүн айтты. Бул 63 жаштагы Меркел канцлерлик кызматка келген 12 жылдан берки эң чоң кризис. Ал өзү кризисти жөнгө салуу үчүн колунан келишинче аракет кылып жатканын айтты.

- Бүгүн "Германия мындан ары кандай жолду тандайт?" деп терең ойлончу күн. Канцлер катары мен колумдан келишинче жакынкы оор жумаларда өлкөдө натыйжалуу башкаруу сакталышын камсыз кылганга аракет кылам.

Германиянын парламенти- 709 орундуу Бундестаг.
Германиянын парламенти- 709 орундуу Бундестаг.

Мындан аркы кадамдарды президент чечет

Немис мыйзамдары боюнча Бундестаг өзүн өзү тарата албайт. Парламентти таркатып, жаңы шайлоо дайындоо укугу президенттин гана колунда. Бирок ал бул кадамга депутаттар канцлерди шайлай албай калганда же өкмөткө ишеним көрсөтүлгөндө гана бара алат. Канцлерге ишеним кеткенине байланыштуу согуштан кийинки Германиянын тарыхында парламент үч гана жолу тараган. Үч жолу тең демилгени ошол кездеги канцлерлер көтөргөн.

Байкоочулардын баамында, эгер сүйлөшүүлөрдөн улам коалиция түзүлбөсө, Штайнмайер Меркелдин талапкерлигин парламенттин добушуна коет. Эгер биринчи жолу көпчүлүк добуш жыйнай албаса, экинчи жана үчүнчү жолу талапкерлигин коюуга укугу бар.

Ошондон кийин гана Штайнмайер аны канцлер катары таануу же парламентти таркатып, эки ай ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышы керек.

Германияда жолун тапкан жердештер:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG