Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Жаңыланган Тарых музейи март айында ачылат


Сооронбай Жээнбеков Тарых музейинде.
Сооронбай Жээнбеков Тарых музейинде.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүүнүн жүрүшү менен таанышып чыкты. Анда курулуш иштери жыйынтыкталып, көргөзмө материалдарын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды жакшыртуу боюнча жумуштар калганы белгиленди.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, реконструкциялоо аяктагандан кийин тарых музейи бардык талаптарга жооп берген, медиа-жабдуулар жана интерактивдүү такталардын жардамы менен кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон заманбап музейге айланат. Музейдин ичи – дубалдары, имараттын чатыры толугу менен оңдоп-түзөлдү, инженердик тышкы жана ички коммуникациялары толук алмаштырылды, жабдыктар жана медиалык комплектациялар орнотулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков аткарылган жумуштар менен таанышып чыгып, музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо боюнча сунуштарын айтты. Ал эми жаңыланган Мамлекеттик тарых музейинин ачылышы 2018-жылдын март айына пландаштырылууда.

Мумияны мыйзамсыз көмүү учуру. Баткен облусу. 14.10.2017.
Мумияны мыйзамсыз көмүү учуру. Баткен облусу. 14.10.2017.

Музейдин айланасын оңдоп-түзөө жумуштары Түркиянын Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгы (ТИКА) тарабынан жасалууда.

Бул музейден былтыр күзүндө эң баалуу тарыхый экспонат - Баткенде табылган мумия мыйзамсыз түрдө алынып кетип, көмүлгөн соң, музейдеги экспонаттардын сакталуу деңгээли кескин сынга кабылган. Коомчулук азыркы тапка чейин мумияны кайра музейге кайтаруу талабын коюп келет.

(КЕ)

XS
SM
MD
LG