Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Тыглай: Биз кырсык болгон авиакаттам аркылуу азыр жүк ташыбайбыз


Былтыр 16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган.
Былтыр 16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган.

Түркиянын АСТ Havayolları компаниясы Гонконг-Бишкек-Стамбул авиакаттамы аркылуу азыр жүк ташыбайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Түркиянын АСТ Airlines компаниясынын башкаруучулар коллегиясынын мүчөсү Хамза Тыглай билдирди.

Гонконг-Бишкек-Стамбул авиа жүк каттамынын жадыбалы 2016-жылдын 18-октябрынан 2017-жылдын 20-мартына чейин бекитилген. Бирок кырсыктан кийин түрк компания бул каттамда рейстерин токтоткон.

Былтыр 16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыкта 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч ажал тапкан. Ошондой эле бир топ турак жай кыйраган. (ElB)

XS
SM
MD
LG