Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Кыргызстанда адам сатууга каршы өнөктүк ишин жыйынтыктады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз өкмөтү БУУнун Кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгы менен чогуу жүргүзгөн иш-чарасынын натыйжасында он миңден ашуун кишиге адам сатуу боюнча маалымат берилди. Өнөктүк өлкөнүн жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында жүрдү.
"Адам сатууга каршы 100 күндүк" деп аталган өнөктүк 2017-жылы 31-июлда башталган. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Алмаз Асанбаев Кыргызстан үчүн мындай иш-чаралар зарыл деп белгилеп, жарандарга адам сатуунун коркунучу жана кесепети тууралуу маалыматтар берилип турушу керек деди.

Адам сатууга каршы жүз күндүк өнөктүктүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылган.

Расмий маалыматтар Кыргызстанда бир жылда жарандардын кулчулукка кабылуусу боюнча он чакты кылмыш иши катталарын маалымдайт. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе жогору же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылат деп маалымдашууда. Өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миңи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы отуз миңдейи Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон ашары айтылып жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG