Линктер

ишемби, 20-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:05

5-12-январь күндөрү Бишкектеги эл аралык "Ала-Тоо" университетинде балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Кыргызстандын шахмат боюнча чемпионаты өттү. Анда 14 топтом медал алты жаштан 18 жашка чейинки жети жаш курак боюнча балдар жана кыздар арасында ойнотулду. Байге үчүн Кыргызстандын аймактарынан 530 оюнчу катышты.

Мелдештердин жыйынтыгында Асад Аманов, Анандэмей Даулет, Чыңгыз Султай, Айжан Съездбекоаа, Алихан Алишеров, Нуржамал Пазылбекова, Эржан Жакшылыков, Арина Асанова, Азиз Дегенбаев, Азалия Мирлан кызы, Руслан Съездбеков, Ли Дарья, Алмаз Съездбеков, Шахнази Мусаева өз жаш курактарында чемпион аталышты.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын атынан Азиянын жана Дүйнөнүн чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.(ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG