Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:35

Чехияда президенттик шайлоонун 2-айлампасы болот


Чехиянын азыркы президенти Милош Земанды жансакчылары феминист аялдын чабуулунан коргоп жаткан учуру. 12-январь, 2018-жыл

Чехияда президенттик шайлоонун 1-айлампасы аяктап, анда эки талапкер: азыркы президент Милош Земан жана окумуштуу-физик Иржи Драгош экинчи айлампага чыгышты.

Эки күндүк добуш берүүгө шайлоочулардын 60% ашууну катышты. Добуштардын 99% саналгандан кийин мигранттарга каршы көз карашы менен белгилүү, орусиячыл Милош Земанга берилген добуштар 39% жетпеси аныкталды. Ал эми европачыл либерал деп эсептелген Иржи Драгош 27% добушка ээ болгон. Үчүнчү орунда мурдагы дипломат Павел Фишер 10% добуш алган. Экинчи айлампага чыга албаган башка талапкерлер шайлоочуларын Драгошко добуш берүүгө чакырышууда.

2013-жылы алгачкы жолу президент болуп шайланган Милош Земан Чехия коомчулугунун саясий маанайына күчтүү басым жасады деп айтылып келет. Аны атаандаштары Кремль менен өтө тыгыз мамиледе деп сындап келишет.

Чехия президентин шайлоонун 2-айлампасы 26-27-январда өтөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG