Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:43

14-январда израилдик аскерлер Газадан Израилге жана Египетке өткөн тоннел жок кылынганын билдиришти. Маалыматка ылайык, жер алдындагы жолду ХАМАС тобунун согушкерлери казган. Газалыктар ишемби күнү кечинде израилдин учактары Египет менен Израилдин чек арасындагы Рафах шаарынын чыгыш тарабын бомбалашканын айтышты. Бул маалыматты израил аскерлери да ырастаганы менен, жекшембиге чейин толук маалымат берген эмес.

"Биз бул тоннел террордук максат менен казылганын билебиз, анткени ал стратегиялык обьекттер аркылуу өткөн" деди Израил аскеринин өкүлү Жонатан Конрикус. Анын айтуусунда, тоннелдин узундугу 1,5 чакырым, ошондой эле тоннел зарыл учурда террорчуларды Газа тилкесинен Египетке алып өтүү үчүн да колдонулуусу ыктымал. Бул маалымат боюнча ХАМАС сөзүн айта элек.

Израил-Палестин чыры АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганын расмий билдиргенден кийин күч алган. 6-декабрдан бери палестиналыктар Газага 18 ракета учуруп, минометтон аткылашкан. Эки согушкер жана нааразылык акциясынын 15 катышуучусу Израил аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG