Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Жапон премьер-министри Балтика өлкөлөрүн Түндүк Кореяга таасир этүүгө чакырды


Жапон премьери Синдзо Абэ жана Литванын президенти Даля Грибаускайте. 13.1.2018.
Жапон премьери Синдзо Абэ жана Литванын президенти Даля Грибаускайте. 13.1.2018.

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Балтика өлкөлөрүн Түндүк Кореяга өзөктүк долбоорунан баш тарттыруу үчүн басым кылууга чакырды. Балтика өлкөлөрүнө жасаган иш сапары учурунда Жапон премьер-министри эл аралык коомчулук Эстония, Латвия жана Литва менен бирдикте бул багытта тыгыз кызматташуусу зарыл экендигин билдирди.

Абэ мырза 13-январда Литванын борбору Вильнюста сүйлөгөн сөзүндө Кышкы олимпиада оюндары жакындап калганына карабай, Түндүк Кореянын өзөктүк программаларын ооздуктоо үчүн "басымды күчөтүү" зарылдыгын айтты.
Литванын өкмөт башчысы Саулюс Сквернялис​ Абэнин сөзүн колдоого алды. Мурдараак ушундай эле колдоосун Латвиянын премьер-министри Марис Кучинскис да билдирген болчу.

Жапон премьери Балтика өлкөлөрүнө сапарын 12-январда Эстониядан баштаган. Абэнин мындан кийинки Европа сапары Болгария, Сербия жана Румынияда улантылат.

Жапония Түндүк Кореянын өзөктүк программаларына жана баллистикалык ракеталарды чыгаруусуна каршы күрөшкө АКШ жана Түштүк Корея сыяктуу өнөктөштөрү менен бирге салым кошууга эл аралык коомчулукту үндөп келет.

Акыркы убактарда Корей жарым аралындагы чыңалуу Түндүк жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү жолугушкандан кийин бир аз азайганы байкалды.

XS
SM
MD
LG