Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:40

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмондун эки өлкөнүн дипломаттык катышынын 25 жылдыгына карата жиберген куттуктоосунда айтылган. Анда Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын достук жана кошуналык ынтымагынын тарыхы көптөгөн кылымдарга созуларын бекемдеген. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнүн көп тараптуу кызматташтыгына жаңы күч берип, дагы жогорку деңгээлге көтөрүүсүнө ишеничин билдирген.

Президент Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапары жакынкы убакта күтүлүп жатканын президенттин басма сөз кызматы да ырастады. "Азаттыкка" маалымдашканы боюнча, президенттин сапарынын так күнү аныктала элек, учурда Тышкы иштер министрлиги дипломаттык жолдор аркылуу сапарды уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп, өткөн жылы 15-октябрда шайланган. Президенттик кызматы учурунда Жээнбеков чет өлкөлөргө сапарын Орусияга жумушчу сапар менен баштаган. Кийинчерээк Өзбекстанга жана Казакстанга расмий сапар менен барган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG