Чыгыш Кытай деңизинде өрттөнгөн ирандык мунай танкери чөгүп кеткени кабарланды. Өрт танкер 6-январда жүк ташыган кеме менен сүзүшүп кеткенде тутанган.
Куткаруу иштерине тартылган ирандык топтун расмий өкүлү “экипаж мүчөлөрүн аман табуу үмүтү үзүлгөнүн” танкер чөгөөрдүн алдында билдирди.
Экипаждагы 32 кишинин отузу Ирандын, экөө Бангладештин жарандары болчу. Үч кишинин сөөгү буга чейин табылганы маалымдалган. Танкер 1 миллион баррелден ашуун мунайды Түштүк Кореяга ташып бараткан.