Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Бүгүн Жогорку сот Кадыралиевге байланыштуу ишти карайт


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Жогорку сот каракчылык боюнча шек саналган Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу ишти карайт. Бүгүн жабыркагандардын адвокатынын көзөмөл арызы каралат. Бул тууралуу жактоочу Азизбек Турдалиев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

9-январга белгиленген соттук отурум мамлекеттик айыптоочулардын иш менен таанышууга убакыт сураганы үчүн бүгүнкү күнгө жылдырылган. Адвокат Турдалиев иш атайылап создуктурулуп жатканын билдирүүдө.

2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүмбилемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен эркиндикте жүрөт.

Кадыралиевге иш козголушуна "куралдуу карактоого кабылдым" деген өзгөндүк ишкерлердин арыздары негиз болгон. “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин бул ишти экс-президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган. Жабырлануучулар арадан төрт жыл өтсө да Кадыралиев жоопко тартылбай жатканына нааразы болуп жүрүшөт.

Буга чейин Октябрь райондук соту ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү чечкен. Кийин жабырлануучулардын жактоочусунун арызынын негизинде шаардык сот бул чечимди бузуп, соттук териштирүүнү улантыш үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөткөн.

Канжар Кадыралиев коюлган дооматтарды "жалган" деп четке кагып, өзүнүн ак экенин айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG