Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

"Сосновкада" жүк ташуучу унааларга чектөө алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" бекетинде жүк ташуучулар унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн таңдан тартып барды унаалар чектөөсүз өтүп жатат.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" бекетинде чектөө киргизилген эмес, бирок оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө.

Учурда кан жолдогу ашууларда кар жаап жатат. Жолдо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери нөөмөттө туруп, айдоочуларга көмөк көрсөтүүдө.

Кыргызстандагы ири жол болгон Бишкек-Ош жолунда кар калың түшкөнүно байланыштуу унаалардын өтүшү кыйындаган. Буга чейин жол тазаланбагандыктан тыгындар пайда болуп, маселе парламентте да көтөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG