Ош аэропортунда коюу тумандан улам бир нече каттам токтоп турат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ош-Москва жана Ош-Иркутск каттамындагы учактар “Манас” аэропортунда конушту. Мындан сырткары, ички каттамдагы бир нече учак сапарга чыккан жок.
Аэропорт учак күткөн жолоочуларга керектүү шарттарды түзүп жатканын билдирди.
Азырынча учактар качан уча баштай тургандыгы белгисиз. (BkA)