Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Казакстан Кыргызстандан ташылган товарларга темир жол тарифин арзандатты


Казакстан Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөргө темир жол аркылуу ташылган товарлар тарифти арзандатты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын ноябрь айында ЕАЭБдин соту темир жол аркылуу ташылган товарларга унификацияланган тарифтин негизинде акы алынсын деген тыянакка келген.

Мындай жол менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жеңилдетүү каралганы аталган комиссия сайтында кабарланган.

Буга чейин Кыргызстандан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө ташылган товарларга жогорку тариф менен акы алынып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG