Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Жол кырсыгын жараткан майор күнөөсүн мойнуна алды


Төлөн Камчыбек уулу.
Төлөн Камчыбек уулу.

4-январда Бишкекте жол кырсыгын жараткан милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу кырсыкка өзү күнөөлүү болгонун “Азаттыкка” билдирди. Ал күнөөсүн мойнуна алганы менен жабыркаган тарап милицияга кол көтөргөн фактыны жашырууга аракет кылып жатканын билдирди.

- Мен кырсыкка толугу менен күнөөлүүмүн, ал жерде талаш жок. Бирок кырсык болгон жерден мени машинадан алып чыгып, кол көтөрүшүп, күбөлүк, акчамды алып коюшканын жашырып жатышпайбы. Алар ошол кылыгы үчүн жооп бериши керек.

Милициянын майору жанында 12 миң сомдой акчасы бар болгонун, ал күнү ичкилик ичпегенин айтты. Ошол эле учурда Төлөн Камчыбек уулу бир күн мурун спирт ичимдигин ичкенин, экспертизада канынан алкоголь заты чыгышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Ал арада окуяда кырсыкка кабылган экинчи тараптын катышуучусу Улан Орозалиев ал күнү милицияга кол көтөрбөгөнүн, муну тастыктай турган күбөлөр бар экенин, ал эми милициянын майорунун айтканы өз жоопкерчилигин жеңилдетүүнүн аракети экенин айтты. Орозалиев жагдай боюнча акыйкат чечим чыгарынан күмөн санап, өкмөт башчы менен президентке кайрылуу даярдап жатканын “Азаттыкка” айтты.

4-январда Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүнүн жогору жагында "Toyota avensis" жана "Toyota camry" унаалары cүзүшүп, экинчи автоунааны милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу башкарып баратканы аныкталган. НТС телеканалы көрсөткөн тасмада күбөлөр милиция кызматкери мас абалында экенин айтышкан, бирок ден соолугуна байланыштуу наркологиялык текшерүүдөн өтпөй калган.

Ал эми "Toyota avensis" автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары аялы жана үч баласы болгон. Окуядан балдар ар кандай деңгээлде жаракат алып, айдоочу Улан Орозалиевдин мээси чайкалган. Учурда ишти ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG