Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:23

Жылгаяк тээп жүрүп жыгылган адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин тегерегиндеги тоолордун биринде жылгаяк тээп жүрүп катуу жыгылган Октябрь райондук милициясынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты. Маалыматка ылайык, маркум Айнагүл Эгембердиева 7-январда үй-бүлөсү менен тоого жылгаяк тепкени чыккан. Эс алуу маалында баллон тээп жатып, башынан катуу жаракат алган. Бир жума ооруканада оор абалда жаткан Эгембердиева 14-январда каза болду. Артында эки уулу калды.

Айнагүл Эгембердиеванын жолдошу Бакай Сыдыгалиев да милиция кызматкери болгон. Ал 2014-жылы Бишкекте түрмөдөн качкан Александр Саяпин аттуу кылмышкерди кармоо учурунда окко учуп курман болгон эле. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG