Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге каршы козголгон кылмыш иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда кайрадан каралат. Мындай чечимди Жогорку сот бүгүн кабыл алганын Кадыралиевден жабыркагандардын адвокаты Азис Турдалиев билдирди.
Анын айтымында, Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, ишти кароого райондук сотту милдеттендирди. 2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүмбилемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Кадыралиевге иш козголушуна "куралдуу карактоого кабылдым" деген өзгөндүк ишкерлердин арыздары негиз болгон.
“Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин бул ишти экс-президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган. Жабырлануучулар арадан төрт жыл өтсө да Кадыралиев жоопко тартылбай жатканына нааразы болуп жүрүшөт.
Буга чейин Октябрь райондук соту ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү чечкен. Бирок жабырлануучу тарап буга каршы болуп, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот бул чечимди бузуп, соттук териштирүүнү улантыш үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөткөн. Бүгүн болсо Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырды. Канжар Кадыралиев коюлган дооматтарды "жалган" деп четке кагып, өзүнүн ак экенин айтып келет.