Түндүк Корея Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында февраль айында өтө турган Кышкы Олимпиадага 140 музыканттан турган оркестрин жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын өкмөтү кабарлады.
Мындай макулдашуу эки тараптын чек арадагы Панмунжом айылында дүйшөмбү күнү өткөн жолугушуусунда кабыл алынды. Ага ылайык, түндүк кореялык музыканттар олимпиада маалында Түштүк Кореянын Сеул жана Ганьнун шаарында өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Өткөн аптада Пхеньян менен Сеул эки жылдык тыныгуудан кийин биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгы менен Түндүк Корея спортчуларын олимпиадага жөнөтөөрү белгилүү болгон. Эки корей өлкөсүнүн делегацияларынын бул жолугушуусунан кийин Сеул жогорку деңгээлде саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылган.
Пхёнчханда Кышкы Олимпиада оюндары 5-25-февраль күндөрү өтөт.