Ош шаардык соту ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиевди Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча айыптуу деп таап, төрт жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Бирок Айтиевге карата 63-берене (“Шарттуу соттоо”) колдонулуп, жыйынтыгында ал бир жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-январда Жогорку соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. Ош шаардык соту Айтиевге карата өкүмүн 12-январда чыгарган.
Айтиев 2016-жылы октябрда 12 жаштагы уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмышка шектүүнүн атасы менен чырдашып, бычак көтөргөн деп айыпталган. Анын уулун эки жыл мурда 21-октябрда бычактап кетишкен. Кылмышка шектүү катары Айтиевдин кошунасы кармалган. (КЕ)