Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Ооганстан: өкмөт өкүлү Иранга тыңчылык кылды деп кармалды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.

Ооганстандын коопсуздук агенттиги өлкөнүн батышындагы Герат провинциясында бир өкмөттүк кызматкерди Ирандын пайдасына тыңчылык кылды деген жүйө менен камакка алды. Гераттын губернаторунун басма сөз өкүлү Жилани Фархаддын "Азаттыкка" билдиришинче, Ассадоллах Резаи аттуу киши он күн мурда кармалып, Кабулга тергөө үчүн жөнөтүлдү.

Бул киши Иран менен чектешкен Герат провинциясында эки жылдан бери эксперт катары иштеп келген. Атайын кызмат аны бир канча айдан бери изилдеп жаткан.

Резаи Ирандын чалгын кызматтарына жашыруун документтерди берген деп айыпталып жатат. Ал буга чейин Фарах провинциясында бир катар жогорку кызматтарда иштеген.

XS
SM
MD
LG