Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:46

Спорт жана жаштар саясатындагы мыктылар сыйланат


Алыш күрөшүнөн мыкты спортчу болгон Нурбек Акановго сыйлыкты актриса Асема Токтобекова тапшырууда. 2015-жыл.

Cпорт жана жаштар саясаты тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн "Sports & Youth Awards-2017" сыйлыгын тапшыруу аземи 20-январда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматында, аземди "Topsport.kg" гезитинин редакциясы Улуттук Олимпиада комитети менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик чогуу уюштуруп жатат.

Спорт жаатында 24 номинацияда, жаштар саясаты боюнча 10 номинацияда сыйлыктар тапшырылат. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча жыл мыктылары Интернетте добуш берүү аркылуу жана көз каранды эмес комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат. 24 спортчуга "Баатыр" аттуу статуэтка берилет.

Быйылкы иш-чара Улуттук Олимпиада комитетинин мурдагы президенти, маркум Мурат Саралиновдун жаркын элесине арналган. ECh)

XS
SM
MD
LG