Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШга барды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

“Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий иш сапары менен Вашингтонго барды”, - деп кабарлады Ак Ордонун басма сөз кызматы.

Иш сапарынын алкагында Назарбаев АКШнын президенти Доналд Трамп, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат. Муну менен катар Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат. Буга чейин Ак үйдүн маалымат кызматы эки президент аймактык коопсуздук, экономика маселелери менен катар АКШ менен Казакстандын карым-катнашын, Ооганстандагы жагдайды талкуулашарын жазган. Бул казак президенти Назарбаевдин АКШга жетинчи жолу барышы. Ал Кошмо Штаттарда 16-18-январь күндөрү болот.

- Президент акыркы 10 жылда АКШда бир нече жолу болгон, бирок алар расмий эмес иш сапарлары болчу. Бул иш сапары эки тараптуу байланышты кеңейтүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана инновациялык-технологиялык өнөктүктү тереңдетүү жагынан маанилүү саясий сигнал деп таанылды, – деп билдирген Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Талгат Жумагулов.

АКШ 2005-жылдан бери Казакстанга 30 млрд. доллар инвестиция жумшаган. Учурда бул өлкөдө 500дөй америкалык компания иш жүргүзөт. Ал эми Казакстан менен соода-сатык жүргүзгөн өлкөлөрдүн ичинен АКШ 9-орунда турат. 2017-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,3 млрд. долларды түзгөн. (KE)

XS
SM
MD
LG