Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

УКМК террордук уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 30-декабрда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн операцияда 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды.

Ал куралдуу жихаддын идеяларын колдоп, өлкө аймагында теракттарды ишке ашырууга даярдык көргөн. Бул үчүн атайын даярдыктан өтүп, жардыргыч заттарды даярдоону үйрөнүп жүргөн.

Учурда Кылмыш кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды сактоо, даярдоо жана жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалды.

Расмий маалыматка таянсак, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140rа жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG