Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:47

"Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Кырсык болгон жерде жергиликтүү жашоочулар, кырсыктан жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор, жарандык активисттер куран окутушту.

Ошондой эле учак кырсыгынын курмандыктарын эскергендер маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшту. Бийлик өкүлдөрүнөн иш-чарага Сокулук акимиятынын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин 13-январда кырсык болгон жерде эстелик ачылган эле. Дүйшөмбүдө президент Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгынан жакындарын жоготкон балдар менен жолугуп, белек тапшырган.

Былтыр 16-январда эртең менен Дача СУ кыштагына Түркиянын "АСТ Airlines" компаниясына таандык "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч курман болгон. Расмий маалымат боюнча, Гонгконгдон Стамбулга багыт алган учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жаткан. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG