Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:24

17-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

16-19-январь аралыгында кардын калың түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдо бараткан унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу керек.

17-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…3 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү -2…3, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…-8 градус суук болот.

17-январда Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -8…-10°, күндүз -1…-3° суук болот.

XS
SM
MD
LG