Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:43

Пакистанда диниятчылар жанкечтиликти “арам” деп жарыялашты


Кветта шаарында жанкечти жардыруу жасагандан кийинки учур. 9-январь, 2017-жыл.
Кветта шаарында жанкечти жардыруу жасагандан кийинки учур. 9-январь, 2017-жыл.

Жанкечтилик шарияттын жол-жоболоруна каршы келери Пакистандагы түрдүү диний мектептердин 1800дөн ашуун диниятчысы чыгарган жаңы фатвада айтылат.

Алар фатвада жанкечтиликке шарият мыйзамдарында да тыюу салынганын белгилешип, бул көрүнүштү “арам” иш катары жарыялашты.

Аталган фатва бүгүн бет ачары мамлекеттик Ислам университетинде өткөн жаңы китепке да киргизилген. Ага Пакистандын президенти Манун Хуссеин да катышты.

Пакистан ондогон жылдардан бери өз жактоочуларына жанкечтиликке баргандарды “шарият мыйзамын орнотуш үчүн ыйык согуштагы шейиттер” деп үйрөткөн исламчыл согушкерлерден жабыр тартып келет.

Бирок Пакистан өкмөтүнүн сынчылары өлкөнүн бийлиги менен коопсуздук күчтөрүн Ооганстан менен Индиядагы саясий жана аскердик максаттарына жетиш үчүн исламчыл согушкерлер менен кызматташып, аларды колдонгону үчүн айыптап да жүрүшөт.

Алар Пакистан өкмөтү мечиттердеги радикал диниятчылардын иш-аракетине узактан бери көз жумуп койгонун да эске салышат.

Пакистандын жетекчилиги жанкечтилерди, өзгөчө алар карапайым тургундарга кол салган учурларды айыптаганы менен козголоңчулар бул тактиканы алардын эң натыйжалуу куралы катары колдонушууда. (UE)

XS
SM
MD
LG