Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Бүгүн, 16-январда саат 14:30га чукул Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарында "DAF" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болгон. Анын 2 тоннасы төгүлгөн.

Окуя болгон жерде ӨКМнин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, эч ким жабыркаган жок.

13-январда дагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагыша кеткен. Натыйжада жеңил автоунаадагы төрт жүргүнчү ошол жерден мүрт кеткен. Ал эми жарадар болгон үч киши Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG