Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Мюллер: Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли эки эсе азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 16-январда президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча вице-президенти Сирил Мюллерди кабыл алды. Алар жакынкы жылдарга карата кызматташтыктын келечегин талкуулап, шериктештиктин артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты. Мюллер Кыргызстанда эгемендик жылдары жакырчылыктын деңгээли эки эсе азайганын жана бул калктын турмушун жакшыртууга багытталган Дүйнөлүк банктын максаттарына жооп берерин белгиледи. Ошондой эле ал мындан ары элдин жашоосун оңдош үчүн жеке секторду өнүктүрүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырууну сунуш кылды.

Мындан сырткары, тараптар президенттин “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында мындан ары жасала турган иштердин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-январда быйылкы жылды Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык аймактарда чакан, орто ишкердикти колдоо, экспорт үчүн шарт түзүү, инвестиция тартуу, ирригацияны өнүктүрүү, 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар максаттар коюлган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган калктын саны 25% түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG