Ош-Ноокат жолундагы Алмалуу айылында "Хонда стрим" жана "Ауди-100" машиналары кагылышып, 11 киши жараат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаракат алгандардын сегизи райондук ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын арасында 11 жаштагы өспүрүм кыз да бар. Ал эми 18 жаштагы кыздын абалы оор, анын жаагынын аштоосу сынып, башы катуу урунган.
Алдын ала маалыматка караганда, машинанын бири каршы тилкеге чыгып, натыйжада экөө сүзүшүп кеткен. Бардык экспертизалар дайындалып, окуяны Ноокат райондук милициясы териштирип жатат. (КЕ)