Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Еврошаркеттин лидерлери Улуу Британияны биримдикте калууга үндөштү


Еврокеңештин төрагасы Доналд Туск (оңдо) жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер.
Еврокеңештин төрагасы Доналд Туск (оңдо) жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер.

Еврокеңештин жана Европа комиссиясынын төрагалары Доналд Туск менен Жан-Клод Юнкер Улуу Британияга Евробиримдиктен чыкпоону сунуш кылды. Туск Европарламентте:

- Эгер Лондон болуп жаткан нерселерге көз карашын өзгөртпөсө, Брексит кесепеттер менен ишке ашат. Улуу Британия үчүн биздин жүрөгүбүз мурдагыдай эле ачык, – деди.

Юнкер Тусктун позициясын колдоп, британ бийлиги анын сөзүнө кулак салат деген үмүтүн билдирди. 

Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча сүйлөшүүлөр Брюсселде 19-июнда башталган. Ал 2018-жылдын аягына чейин уланат. Ошондон кийин макулдашууларды улуттук парламентте ратификациялоо үчүн тараптарга алты ай берилет. 

Британиялыктар Евробиримдиктен чыгуу боюнча 2016-жылы добуш берген. Улуу Британия Европа Биримдигине 1973-жылы кошулган жана анын катарынан чыккан алгачкы өлкө болуп калмакчы. 

 

XS
SM
MD
LG