Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Орусияда кыргызстандык жаран 16 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мекендешин өлтүргөнү үчүн айыпталган кыргызстандык жаран 16 жылга кесилди. Москва шаардык соту 12 жаштагы кызды өлтүргөн кыргызстандык жаранды 16 жылга абакка кести. Бул тууралуу Орусиянын “Московский комсомолец” басылмасы соттун басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, окуя 2016-жылдын 24-декабрында Москва шаарында болгон. Кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн кыргызстандык 20 жаштагы кыз менен 21 жаштагы Чыңгыз аттуу жигит урушуп кеткен. Кыз үйдө жок мезгилде Чыңгыз алар менен чогуу жашаган батирден буюм-тайымдарын алып кеткени келген. Ошол учурда үйдө кыздын 12 жаштагы сиңдиси болгон. Кийимдерди чогултуп берүү өтүнүчүн укпаган өспүрүм кызды Чыңгыз бычак менен бет талаштыра уруп жиберген. Кансыраган кызды ал кийин ваннага таштап коюп, анын телефонун алып кетип калган. Телефонду сатып, ага Бишкекке авиабилет алып кетип жаткан жеринен аэропортто колго түшкөн.

Кармалган жаран сурак учурунда сүйгөн кызы башка жигит менен сүйлөшүп кеткени үчүн ушундай ишке барганын айтып, кылмышты толук мойнуна алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG