Бишкектеги абаны көбүнесе машинелерден чыккан түтүн булгап жатат. Мындай тыянак ушул маселени талкуулаган өкмөттүк жыйында айтылды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Канатбек Муратбековдун айтымында, борбор шаардагы автоунаалардын көпчүлүгү атмосферага нормадан ашык зыяндуу калдыктарды бөлө тургандыгы аныкталды.
Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жыл сайын Бишкектин атмосферасына 240 миң тоннадан ашык зыяндуу калдыктар бөлүнсө, алардын 180 миң тоннасы автоунааларга туура келерин маалымдады.
Бишкек жылуулук борборунун үлүшү жалпы зыяндуу калдыктардын 14 пайызын түзөт. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын от казандарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтуу зарылдыгын билдирди.
Кеңешмеде автоунаалардын техникалык абалын өз учурунда текшерүү, техникалык көзөмөлдү киргизүү зарыл экендиги да айтылды.
Кыргызстанда 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган эле.
Бишкек шаарындагы абанын булганышы акыркы учурда абдан көп талкуу жаратууда. (BkA)