Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка ылайык, өткөн түнү катталган жер титирөөнүн очогу Алай районунун Бор-Дөбө кыштагына жакын жерде болгон.
Жер силкинүүнүн күчү аймактагы башка айылдарда сезилди.