Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Кант: милиция кызматкери пара алууга боюнча шек менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кант шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери "пара алды" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, милициянын лейтенанты акча доолап жатканы боюнча жергиликтүү тургун мекемеге арыз менен кайрылган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен чогуу ыкчам аракеттерди жүргүзгөн. Натыйжада милиция кызматкери карапайым тургундан 500 доллар алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG